Көрүлдү: 1001
Бүгүн, 25-сентябрда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ала-Бука районундагы оптимизацияга туш болгон мектептерге барды.
КР Министрлер кабинетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндөгү” буйругуна ылайык, мугалимдердин жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, №36 жана № 43 мектептин жетекчилери кыскартылды. Алар өздөрү эмгектенген мектепте мугалим катары ишин улантууда.
Эскерте кетсек, Ала-Бука районундагы М. Турсунбеков атындагы № 25 жалпы орто билим берүүчү мектепке аймактагы жакын жайгашкан №36, Р. Исаков атындагы № 31 жана У. Азимов атындагы № 43 башталгыч мектеби филиал болуп бекитилген.