Көрүлдү: 1030
Кечээ Жогорку технологиялар паркы математика (IMO 2024), информатика (IOI 2024), физика (IPHO 2024), химия (ICHO 2024) жана биология (IBO 2024) предметтери боюнча эл аралык олимпиадада жеңген окуучулар менен аларды даярдаган мугалимдерин сыйлады.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуучуларга жана алардын мугалимдерине сыйлык тапшырып жатып, эл аралык олимпиадада Кыргызстан быйыл жемиштүү кайтканын, балдардын илимдин өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Окуучуларды даярдаган Артём Беляев менен Кылычбек Урайымов “Кыргыз Республикасынын олимпиададагы ийгиликтери” аталышындагы баяндамаларын жасады.
2024-жылдын башынан бери кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда бир алтын, беш күмүш, алты коло медаль жана алты Ардак грамотага ээ болушкан.
Эскерте кетсек, быйылкы улуттук сынакта алдыңкыларды сыйлап жаткан учурда, идиректүү, зирек балдарды колдоп келген демөөрчүлөрдүн бири — Жогорку технология паркынын директору Азис Абакиров эл аралык сынакта алтын медаль утуп келген окуучуга 10 000 доллар, күмүш медалдын ээсине 5000 доллар, ал эми коло медалга 1000 доллар сыйлык берилерин айткан.
Натыйжада жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сый акчалар берилди:
Махамадхан Ишматов, математика, тренер – 20000 доллар
Азамат Аскаров, математика, тренер – 5000
Назар Кыргызбаев, математик – 10000
Искен Кенжебаев, математика – 5000
Элдар Искандеров, математика – 5000
Ян Борбус, математика – 5000
Медербек Осмонов, информатика, тренер – 5000
Кылычбек Урайымов, информатика – 6000
Алихан Айдарбеков, информатика – 5000
Ян Борбус, информатика – 5000
Эльбрус Тажибаев, биология, тренер – 2000
Байзак Карыпжанов, биология – 1000
Нурсултан Увалиев, биология – 1000
Дмитрий Рубан, биология – 1000
Ольга Никифирова, биология, тренер – 500
Асхатбек Темиркулов, биология, тренер – 500
Дүйшөн Сатыбалдиев, физика, тренер – 1000
Бектур Баратали, физика – 1000
Дооронбек Маметов, химия, тренер – 1000
Иван Решетников, химия – 1000