Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АЛА-БУКАДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИ КЫДЫРДЫ

Көрүлдү: 923

Кечээ, 24-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ала-Бука районундагы жалпы билим берүү уюмдарынынын абалы менен таанышты.

post.title

Алгач министр Ала-Бука районунун акими Руслан Айтбаев менен биргеликте жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугуп, "Алтын Казык" программасынын алкагында билим берүүнүн алдыдагы өнүгүү багыттары боюнча маалымат берди.

Андан соң Достук айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №15  мектепте болуп, билим берүү мекемесинин абалы менен таанышып, министрликтин атынан заманбап компьютердик техникалардын сертификатын тапшырды.

Аталган окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу боюнча сметалык-долбоордук иш кагаздары даярдалууда.

Ошондой эле чек арада жайгашкан Совет-Сай айылындагы №21 мектепке да барып, окуучулар жана мугалимдер жамааты менен баарлашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө шарты катаал айылдагы мектептин жаңы имаратын курууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, долбоор даярдоого каражат бөлүнгөндүгүн айтты.

Мындан сырткары, Кара-Үңкүр айылындагы мектептин курулуш иштерине күбө болду. Учурда райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаңы мектептин курулушун иштери жүрүүдө. Азыркы тапта курулуш иштеринин алтымын пайызы аяктап калды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар