Көрүлдү: 230
21-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, япониялык Шинко Кейринкан компаниясынын жетекчилери Тошики Окамура жана Масаказу Сато, “Окуу китеби” басма үйүнүн өкүлдөрү Воронцовка айылындагы мектеп-интернатка барып, мектептин инфраструктурасы, ишинин абалы менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор окуу жайдын имаратын, аймагын жана жатаканасын кыдырып, мектепте болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу маалымат алышты.
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын жети аймагындагы интернаттарды өнүктүрүүгө багытталган.