Көрүлдү: 263
Бүгүн, 23-сентябрда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолукту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун негизги маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын окуу жайларында француз тилин өнүктүрүү жана колдоого бурулуп, тараптар студенттер менен алмашуу жана стипендиялык программаларды кеңейтүү, ошондой эле Францияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын эки эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагында Европа Биримдиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана анын Кыргызстан менен Франциянын билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдоодогу мааниси да өтө маанилүү экендигине токтолуп, Эразмус+ программасы студенттерге да, мугалимдерге да академиялык мобилдүүлүккө жана биргелешкен долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк бере турганын баса белгиледи.
Элчи Николя Фай болсо өз сөзүндө француз тилин окутуунун деңгээлин жогорулатууга жана тилди үйрөнүп жаткан студенттердин санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтып, Францияда билим алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк катары “Эл үмүтү” программасынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Эскерте кетсек, бул элчинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуусунан кийинки министрликке болгон биринчи иш сапары.