Көрүлдү: 348
12-сентябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Жарандар министрге ар түрдүү билим берүүгө байланышкан маселелер боюнча кайрылышты. Министр Догдуркүл Кендирбаева жарандардын кайрылуулары боюнча тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берди.
Ошондой эле министр жарандарды кабыл алуу менен бирге бир катар журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.