Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 499

Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кызматкери (тарбиячы), бала багуу боюнча кызматкерлердин (тарбиячынын жардамчысы, бала багуучу) кесиптик стандарттары иштелип чыкты.

post.title

Аталган кесиптик стандарттар мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектепке чейинки педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын модернизациялоо, мектепке чейинки педагог жана бала багуу боюнча кызматкер кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу максатында иштелди.

Стандарттар натыйжалуу билим берүү процессин камсыз кылуу үчүн заманбап мектепке чейинки тарбиячы жана бала багуучу кызматкер ээ болууга тийиш болгон зарыл кесиптик компетенцияларды, кесиптин жагымдуулугун жогорулатууга жана билим берүү системасына жогорку квалификациялуу кадрларды тартууга өбөлгө түзөт.

Кесиптик стандарттар менен таанышуу үчүн шилтемеhttps://mlsp.gov.kg/ru/reestr-professionalnyh-standartov-2/

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар