Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫН КИТЕП ОКУУ КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН МУРАЛ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 420

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы №21 орто мектептин дубалында жаңы муралды салтанаттуу түрдө ачты.

post.title

Бул дубал сүрөтү коомчулуктун көңүлүн жаш мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулугун жана китеп окууга жана китепке болгон кызыгуусун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө буруу максатында пайда болду.

Ачылыш аземге КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана USAIDдин өкүлдөрү катышты.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте республика боюнча 1679 мектепте ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар