Көрүлдү: 379
2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында жаңы окуу жылы башталып, биринчи сабактар өтүлдү.
Министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев окуу жылынын башталышына карата №100 жалпы орто билим берүү мектебинде уюштурулган салтанатка катышса, министрдин орун басарлары Лира Самыкбаева А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясына, Расул Абазбек уулу Ысык-Ата районундагы Н.Баранов атындагы №2 орто жалпы билим берүү мектеп-лицейине, Муратбек Касымалиев Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейине барды.