Көрүлдү: 636
Бүгүн, 29-августта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Министрдин кабылдамасында Кара-Кулжадагы автордук мектеп-гимназиянын негиздөөчүсү, КР эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов дагы болуп, балдардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн Чүй облусундагы артта калган мектептердин бири менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Бул демилгени ишке ашыруу жана мектепти аныктоо тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары жарандар мыйзамсыз жумуштан бошотуу, билим берүү уюмдарынын курулушу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын маселелери ж.б. боюнча кайрылышты.
Министр кайрылуу жана даттануулар боюнча тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берип, мыйзам чегинде чечилерин билдирди.
Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.