Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ БИРИНЧИ САБАКТЫН ТЕМАЛАРЫ

Көрүлдү: 3792

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылынын 2-сентябрында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлө тургандыгын билдирет.

post.title

Сабактын максаты – быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Сабактын максаты – Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн Кыргыз автономиялуу облусун түзүүнүн маанисин түшүндүрүү, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө айтып берүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу.

1-4-класстар үчүн өтүлүүчү биринчи сабактын үлгүсү

5-11-класстар үчүн биринчи сабактын үлгүсү

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар