Көрүлдү: 377
Бүгүн, 2024-жылдын 27-августунда, Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы №10 кесиптик лицейинде «Ашпозчу» кесиби боюнча кесиптик компетенцияларды валидациялоо болуп өттү. Жети катышуучу өз чеберчилигин ийгиликтүү тастыктап, Улуттук квалификациялык алкактын негизинде тиешелүү разряддарга ээ болушту.
Валидация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Көз карандысыз сертификация жана валидация борборун» түзүү жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү.
Аталган борбордун директору Жанара Шаматованын айтымында, кесиптик компетенцияларга объективдүү баа берүүнү камсыз кылуу максатында комиссиянын курамына кулинардык жана ресторан бизнеси тармагындагы эксперттер киргизилген.
Алардын катарында КРнын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов, ордо калаадагы алдыңкы ресторандардын ашпозчулары Кенже Эдилбаева, Алмаз Джолдубаев, № 10 кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуу мастери, коомдук тамактануу технологу Наргиза Бокотаева жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Көз карандысыз сертификация жана валидация борборунун” методисти Ирина Гордеева кирген.
Билим берүү жана илим министрлиги түрдүү секторлордо кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү жана таануу боюнча демилгелерди активдүү колдоону улантат.