Көрүлдү: 1563
23-августта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган кытай делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда ушул жылдын 31-майында Ош мамлекеттик университетинде Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган “Келечек муундун ХАБы” (Next Generation HUB) робототехника жана жасалма интеллект борборунун базалык лабораториясын окуучулар үчүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ошондой эле окуучулар арасында республикалык жана эл аралык деңгээлде робототехника фестивалын уюштурууну макулдашышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын агартуу тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорун колдоого даяр экендигин билдирип, интенсивдүү жана натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында робототехника боюнча жаңы адистик ачылып, ага 50 студент кабыл алынды.
2024-жылдын апрель айында Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар жана билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.