Көрүлдү: 1061
19-августта билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин жармаңкесинин алкагында Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов “09.2017-09.2024 Кыргызстандагы математика боюнча олимпиадалык кыймыл. Иштин жыйынтыктары жана келечектеги перспективалар” темасында баяндама жасады.
Ал баяндамасында 2017-2024-жылдардагы окуучулардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Мамат Ишматовдун айтымында, кыргыз мектеп окуучулары:
* Математика боюнча эл аралык олимпиадада IMO – бир алтын, үч күмүш, бир коло медаль жана 20 грамота алышкан.
* Математика боюнча эл аралык Жаутыков олимпиадасында – 6 күмүш жана 14 коло медаль,
* Балкан математикалык олимпиадасында – 1 күмүш, 4 коло медаль жана 3 грамота,
* Өспүрүмдөрдүн Балкан математикалык олимпиадасында – 1 күмүш жана 2 коло медаль,
* Кытайдагы IMSC олимпиадасында – 1 күмүш, 5 коло медаль жана 4 грамота,
* Математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасында – 1 алтын, 2 күмүш, 9 коло медаль жана 29 грамота,
* Геометрия боюнча Иран олимпиадасында – 2 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль,
* АМС боюнча америка математика олимпиадасында – 18 алтын медаль жана грамота.
Презентациянын файлы