ЖОЖдор 5 ТУРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН 29,5 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛДЫ
Көрүлдү: 476
23-август, саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата ЖОЖдор 29 миң 551 абитуриентти кабыл алганын тастыкташты.
5 турдун жыйынтыгында талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыкты:
- Ж.Баласагын атындагы КУУ – 8240,
- И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457,
- ОшМУ – 6369,
- Б.Ельцин атындагы КРСУ – 5414,
- И. Арабаев атындагы КМУ – 4644,
- И. Ахунбаев атындагы КММА – 4420,
- Х. Карасаев атындагы БМУ – 3953,
- «Ала-Тоо» Эл аралык университети - 2804.
Эң көп тастыктама төмөнкү ЖОЖдорго берилди:
- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 4930 абитуриент,
- ОшМУ – 4009,
- И. Раззаков атындагы КМТУ – 3749,
- И. Арабаев атындагы КМУ – 2349,
- Х. Карасаев атындагы БМУ – 2022,
- Б. Ельцин атындагы КРСУ – 2108,
- И. Ахунбаев атындагы КММА – 1064,
- «Ала-Тоо» Эл аралык университети - 1004
https://2020.edu.gov.kg/regcount
Бөлүшүңүз