Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ: ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА КИРҮҮ СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 1778

23-августта 2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга кирүү сынагы өткөрүлдү.

post.title

Сынакка Өзбекстан Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан 50 этникалык кыргыз катышты.

Быйыл Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүнгөн. Анын ичинен:

* Өзбекстан Республикасына – 30 квота,

* Тажикстан Республикасына – 25,

* Казакстан Республикасына – 5,

* Кытай Эл Республикасына – 5,

* Түркия Республикасына– 5,

* Пакистан Ислам Республикасына – 5.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар