Көрүлдү: 347
21-августта Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин мектеп окуучуларынын командалары Чолпон-Атада жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү мамлекеттер аралык кароо-сынагынын салтанаттуу ачылышында жолугушту.
Кароо-сынак балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууга жана санын азайтууга, жалпы билим берүү мекемелериндеги жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
22-23-августта Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын командалары жана Кыргызстандын аймактарынан бирден команда “Жол кыймылынын эрежелеринин өлкөсү”, “Жол кыймылынын эрежелерин билгендер”, “Жаш жөнгө салуучу”, “Катардык кароо”, “Келечектеги айдоочу”, “Коопсуз дөңгөлөк” сыяктуу таймаштарга, үгүт жана дубал гезиттер сынагына катышат.
Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн сынак жана тегерек стол өткөрүү пландалган.
Белгилей кетсек, кароо-сынактын уюштуруучулары болуп – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы саналат.