Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КЫРГЫЗ-ОРУС ЖАРМАНКЕСИНИН ТЕМАТИКАСЫ “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫНЫН МИЛДЕТТЕРИНЕ ТӨП КЕЛЕТ

Көрүлдү: 449

20-августта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси “Биздин диалогубузду жыл сайын туруктуу негизде улантууга мүмкүндүк берет жана алдыңкы билим берүү тажрыйбаларыбызды айкалыштырууга өбөлгө түзөт” деди.

post.title

Бүгүн, Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин жабылуу аземи өткөрүлдү. Министр жарманкенин ишинин жыйынтыгын чыгарып, конокторго “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын негизги милдеттерин айтты.

Ал жарманкенин тематикасы билим берүүнү трансформациялоо программасынын негизги милдеттерине ылайык келерин белгиледи.

Ошентип, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн парадигмасын өзгөртүү билим берүүнүн максатына – татыктуу жарандарды тарбиялоого жетишүү үчүн предметтик, педагогикалык стандарттарды жана талаптарды толук жаңыртууга алып келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар