Көрүлдү: 1391
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы менен сыйланышты:
- РФнын кесиптик орто билим берүү жана кесиптик окутуу тармагындагы мамлекеттик саясат департаментинин директору Виктор Неумвакин,
- Казань федералдык университетинин Елабуга институтунун директору Елена Мерзон.
Ошондой эле Министрлик төмөндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдирди:
- Ильдар Тазутдинов, Евгений Белов жана Айрат Кавиев, РФ Татарстан Республикасынын “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагы,
- Салават Сагитов жана Гузель Калимуллина, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети,
- Альберт Зулхарнеев жана Ирина Царева, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү,
- Ольга Васильева жана Галина Ковалева, Россия билим берүү академиясы,
- Оксана Гончарова жана Дмитрий Джадаев, Бүткүл россиялык көркөм чыгармачылыкты жана гуманитардык технологияларды өнүктүрүү борбору.