Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПЕДАГОГДОР СИНГАПУР ПЛАТФОРМАСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 1477

19-23-августта окуучуларды PISAга даярдоо үчүн Сингапурдун “Cerebry” платформасын колдонуу боюнча менторлорго тренинг өткөрүлүүдө.

post.title

Тренингге Кыргызстандын аймактарынан 112 мугалим катышууда.

Тренингдин расмий ачылышында КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын PISAга катышуусунун маанилүүлүгүн жана эл аралык изилдөөгө ийгиликтүү катышуу үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Биринчи күндүн негизги темалары:

1. PISAга киришүү: Программа, максаттар жана милдеттер жөнүндө жалпы маалымат берүү.

2. PISAнын негизги аспектилерин карап чыгуу.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Катышуучулар PISA  программасы жана анын Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн мааниси жөнүндө жалпы түшүнүк алышты.

PISAнын алкагында көйгөйлүү маселелерди жана окуучулардын жыйынтыктарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сингапурдагы билим берүү чечимдеринин алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар