Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ-ОРУС ЖАРМАНКЕСИ: ЭКИНЧИ КҮН ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Көрүлдү: 257

Ысык-Көлдө Кыргызстандын педагогдорунун август кеңешмесинин алкагында өтүп жаткан билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктеринин кыргыз-орус жарманкесинин экинчи күнү өз ишин баштады.

post.title

Иш-чара "Просвещение\Агартуу" басма үйүнүн алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын жайылтууга арналган тегерек стол менен уланууда. Анда россиялык коноктор «Просвещение» басма үйүнүн эл аралык кызматташуу, азыркы заманбап калсстарды жасалгалоо, табият таануу предметтерин окутуу, башталгыч класстарда М.И.Моронун ылайыкташтырылган математика окуу китебин колдонуу, орус тилин эл аралык жана улут аралык тил катары окутуу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Андан сырткары кечке чейин билим берүү мекемелеринде STEM билим берүү, инженердик, технологиялык билим берүү, окуучуларды эл аралык олимпиадага даярдоо, окуучуларга кесиптик багыт берүү, педагогдорду даярдоо сыяктуу бир катар темаларда баяндамалар жасалып, мастер-класстар болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар