Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КЫРГЫЗ-ОРУС ЖАРМАНКЕСИ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ТЕРЕҢДИГИН ДАЛИЛДЕЙТ

Көрүлдү: 1599

“Биздин бүгүнкү билим саммит “Жаңырталы! Ылдамдайлы! Өнүгөлү!” девизи алдында өтүүдө. Биз мазмунду жаңыртып, мамилени өнүктүрүп, ылдамдашыбыз керек. Дүйнөдө билим берүү системасы күн сайын жаңырып, жаңы тенденцияларга жол ачылып, эмгек рыногуна суроо-талап өзгөрүүдө”, - деди министр Догдуркүл Кендирбаева 19-августта Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы “Дельфин” пансионатында билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин ачылышында.

post.title

Россия Федерациясынын колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймагында 9 инновациялык мектеп куруларын белгилеп, билим берүү аркылуу кызматташтыгыбызды бекемдешибиз зарыл деп билдирди министр Догдуркүл Кендирбаева.

“Бүгүнкү күндө Россиянын билим берүү системасында табигый так-илимдер дисциплиналары артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бизде 40 минден ашуун мектеп жана азыр аларда практикага багытталган мамилени киргизип жатабыз.  Бүгүн россиянын эң алдыңкы инновациялык мектептери жана жогорку окуу жайлары өздөрүнүн билими, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр.

Биздин “Чет жердеги Россиялык мугалимдолбоорубуздун алкагында Кыргызстанда 116 мугалим иштейт”, - Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Александр Бугаев.

“Кыргыз-орус жарманкеси – эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын тажрыйба алмашуусу үчүн мыкты аянтча деп эсептейм”, - Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дмитрий Пышный.

Белгилей кетсек, билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесине катышуу үчүн Россия Федерациясынын педагогикалык коомчулугунун 150дөн ашуун делегат келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар