Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ЖАҢЫ ФОРМАТЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООГО ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

Көрүлдү: 426

“Мамлекет башчы биздин алдыбызга билим берүүнү трансформациялоо тапшырмасын койгон. Заманбап тенденциялардан артка калбай, балдардын жаркын келечеги үчүн  билим берүү системасын кайрадан иштеп чыгышыбыз керек. Учурда өлкө жетекчилигинин колдоосунда бул жаатта чоң аракеттер жасалууда”, - деп билдирди Эдиль Байсалов билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин ачылышында.

post.title

19-20-августта Ысык-Көлдө биринчи жолу билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси өтүүдө.

“Бүгүн Ысык-Көлдө биз үчүн жаңы форматта болгон билим берүү жарманкесинде жолугуп турабыз. Мындай жолугушуу биринчи жолу өткөрүлүүдө жана бул үчүн министр Догдуркүл Кендирбаевага ыраазычылык билдирем” – РФ Президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков билдирди.

“Кыргызстан менен Россиянны билим берүү жаатындагы кызматташтыгы абдан көлөмдүү жана терең деп айткым келет. Алардын бири катары – Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн тогуз мектепти куруу келишими . Былтыр КР Президенти Садыр Жапаров менен РФ Президенти Владимир Путин Кыргызстанда алгачкы үч орус-кыргыз мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салган. Жакынкы арада арада Бишкекте, Баткенде жана Ысык-Көлдө үч мектепти курууга старт берилет. Эң кыска убакытта кыргызстандыктар бул долбоордун үзүрүн көрүп, пайдалана башташат деп үмүттөнөм”, - Антон Рыбаков билдирди.

Ошондой эле ал жакында эле Россия Федерациясынын Президенти тарабынан Кыргыз-Россия Славян университетинин жаңы кампусун салуу сунушу жактырылганын жана 2030-жылы колдонууга берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жарманкеде эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктери тууралуу көргөзмө көрсөтүлүп, педагогикалык иштин жаңы ыкмалары, усулдары тууралуу мастер-класстар өткөрүлүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар