Көрүлдү: 758
Билим берүү жана илим министрлиги Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында мамлекеттик гранттын негизинде Кыргызстандын жарандарын Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 100 орунга квота бөлүнгөнүн билдирет.
Өзбек тарап 2024/2025-окуу жылында Кыргызстандан студенттерди бакалавриат программаларына кабыл алууга даяр. Окутуу өзбек, орус жана каракалпак тилдеринде жүргүзүлөт.
Документ жиберүүнүн соңку мөөнөтү 2024-жылдын 24-августу. Талапкерлердин тизмеси nurmatova.altynai@inbox.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. Толук маалымат үчүн байланыш номерлер: 0702 756 756, 0312 662198.