Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ САММИТИНИН АЛКАГЫНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМТУУНУ ЖОГОРУЛАТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 760

Бүгүн, 15-августта, Билим саммитинин алкагында “Мектепке чейинки билим берүү кызматын каржылоонун пилоттук долбоору жана мектепке чейинки билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” темасында тегерек стол башталды.

post.title

Кыргызстан жана Казакстан өлкөсүнөн өкүлдөр мектепке чейинки билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашат.  

Эки өлкөнүн катышуучулары каржылоонун жана өнөктөштүктүн ар кандай моделдеринин күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, ошондой эле аларды өз өлкөлөрүнүн шарттарында адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Эки күндүк тегерек столдун программасы менен таанышуу (15-16-август)

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар