Көрүлдү: 1675
Бул күндөрү Нарын облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрликтердин өкүлдөрү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Жыйындарга билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышууда.
Анын айтымында, эки жыл мурун жергиликтүү калктын суроолору мектептердин курулушуна тиешелүү болсо, учурда маданий борборлорду жана бала бакчаларды түзүүгө чоң кызыгуусун билдиришүүдө.
Министрлик өзгөрүүлөргө натыйжалуу жооп кайтаруу жана өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн калктын муктаждыктарын жана сунуштарын тыкыр иликтөөнү улантууда.