Көрүлдү: 1675
Биология боюнча эл аралык олимпиадага катышкан жылдары Кыргыз Республикасынын курама командасы алтын, 4 күмүш жана 12 коло медаль жеңип, 9 ардак грамота менен сыйланган.
1994-жылы биология боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын биринчи коло медалын Рустам Иминов жеңип алган.
1996-жыл кыргыз курама командасынын эл аралык олимпиадага катышуусундагы эң ийгиликтүү жыл болду. Актилек Тунгаторов менен Ялкун Ахметов күмүш, Темирлан Тентимишов жана Абид Омаров коло медалдарды жеңип алышкан.
Тарыхыбыздагы алгачкы жана жалгыз алтын медалды, Нурмухамед Үсөнканов 2001-жылы жеңип алган. Ал 2000-жылы күмүш медалга ээ болгон.
2024-жылы Дмитрий Рубан, Нурсултан Увалиев жана Байзак Карыпжанов коло медалга ээ болушса, Арсений Виноградов Ардак грамота менен сыйланган.
Белгилей кетсек, биология боюнча эл аралык олимпиада 1990-жылы 6 өлкөнүн катышуусунда башталган.
Кыргыз командаларынын 1994-жылдан берки жыйынтыктары тууралуу маалыматтары менен бөлүшкөн Эльбрус Тажибаевге ыраазычылык билдиребиз - Файл
Кошумча маалыматтар:
Биология боюнча улуттук олимпида - https://www.olympiadleague.org/nbo
Биология боюнча эл аралык олимпида - https://www.ibo-info.org/en/about/mission-and-vision.html
1996-жыл - https://www.ibo-info.org/files/downloads/results-reports/results/IBO1996.pdf
2001-жыл - https://www.ibo-info.org/files/downloads/results-reports/results/IBO2001.pdf
2024 жыл - https://www.ibo-info.org/files/downloads/results-reports/results/IBO2024%20results.pdf
https://edu.gov.kg/posts/3223/