Көрүлдү: 782
5-августта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Шицзячжуан Темир жол университетинин директору Ву Али жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуу жүрүшүндө министр "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында “Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин белгилеп, ишибизди илгерилетээрине ишенимин билдирди. Ал ошондой эле, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн аймактын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошо ала турган жогорку квалификациялуу адистерге муктаждык бар экендигин кошумчалады.
Тараптар инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон адистерди даярдоо үчүн Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.