Көрүлдү: 2175
Билим берүү жана илим министрлиги 3-июндан 30-августка чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоонун II этабы жүрүп жаткандыгын эскертет.
Экинчи этапта каттоо катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт.
Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке жана бала бакчага
балдарды кабыл алуу боюнча mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат.