Көрүлдү: 1358
Министрлер Кабинети 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Иш-аракеттер планын аткаруунун жыйынтыгын чыгарды.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата Пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:
* “эң жакшы” деген баа менен – 7 мамлекеттик орган;
* “жакшы” рейтинги менен – 7;
* "канааттандырарлык" деген баа менен - 3;
* “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 4.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Баалоонун кийинки этабы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча "Эң жакшы" деген баа алгандар:
№ |
Мамлекеттик мекеме |
баа |
"Эң жакшы" деген баа |
||
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
Эң жакшы |
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Эң жакшы |
Маалымат булагы: https://www.gov.kg/ky/post/s/24443-ministrler-kabineti-2024-zyldyn-birinci-zarym-zyldygynyn-zyiyntygy-boyunca-is-araketter-planyn-atkaruunun-zyiyntygyn-cygardy