Көрүлдү: 663
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн М.В. Бойкинанын “Русский язык и чтение. Азбука” окуу-методикалык комплекси 134 миң 130 нускада басылып чыкты.
Анын ичинен окуу китебинин 1-бөлүгү жана 2-бөлүгү – 66 000 нускадан, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо – 2 130 нускада басылды.
Китептер “Учкун” ААКнын басмаканасында даярдалып, республикалык бюджеттен каржыланды. Басылып чыккан китептер бүгүндөн тартып райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткириле баштайт.
Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджеттен өлкөнүн билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 000 600 сом каралган.
Бүгүнкү күндө бул каражаттын дээрлик 95 пайызы өздөштүрүлүп, жаңы окуу-методикалык комплекстер жарык көрдү.