Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ХИМИЯ ЖАНА ФИЗИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДА КОЛО МЕДАЛЬ УТКАН ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Көрүлдү: 542

31-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада (54th International Physics Olympiad) жана химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (56th International Chemistry Olympiad) коло медаль жеңген окуучуларды “Манас” Эл аралык аба майданынан тосуп алды.

post.title

Физика боюнча эл аралык олимпиадада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алган.

Ал эми химия боюнча эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болсо, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамотага татыктуу болду.

Белгилей кетсек, физика боюнча эл аралык олимпиада 21-28-июлда Иранда, химия боюнча эл аралык олимпиада 22-29-июлда Сауд Арабияда өттү.

Кыргызстандын курама командаларын жана алардын машыктыруучуларын физика жана химия боюнча эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери менен куттуктайбыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар