Көрүлдү: 526
30-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хилк Дэвид баштаган өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар мектеп тамак-ашы маселелери жана туруктуу өнүгүү максаттары боюнча биргелешип иш алып барууну талкуулашты.
Министр мектеп балдарынын тамак-ашын жакшыртууга кошкон салымы үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылык билдирди.