Көрүлдү: 316
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин окуудан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректору, э.и. к., доцент Айгүл Нурматова "Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен натыйжалуу интеграциясында чек ара аралык экономикалык кызматташуунун мааниси" темасында баяндама жасап, КМШ эл аралык мамилелер боюнча жаш адистер сынагында 3-орунду ээледи.
2024-жылдын 22-25-июль күндөрү Москвада КМШнын эл аралык мамилелер боюнча жаш адистери үчүн А.А. Громыко атындагы сынагынын финалисттеринин форуму өттү.
Белгилей кетсек, бул жылы сынакка КМШнын 10 өлкөсүнөн 560тан ашык адам катышкан.