Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САПАТ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР” ДОЛБООРУН КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

Көрүлдү: 314

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

post.title

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Макулдашуу жогорку кесиптик билим берүү системасында окутуунун жана изилдөөлөрдүн сапатын жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин жогорулатууга багытталган.

Макулдашуунун алкагында өндүрүш/бизнес менен өнөктөштүккө өзгөчө статуска ээ болгон беш университетте ишке ашырылуучу академиялык программалардын натыйжаларын коммерциялаштырууга жана сапатын жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин күчөтүүгө басым жасоо менен сапаттык жана колдонмо изилдөөлөрдөгү потенциалды күчөтүү пландалууда.

Макулдашуу экономика жана улуттук артыкчылыктар үчүн чоң мааниге ээ болгон биомедицина, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздук, суу ресурстары, азык-түлүктүк жана биологиялык коопсуздук жаатындагы университеттер аралык беш изилдөө борборун түзүүнү колдойт.

Кредит берүүнүн финансылык шарттары:
– кредиттин суммасы – 25,0 млн АКШ доллары;
– кредит берүүнүн жалпы мөөнөтү – 50 жыл;
– жеңилдетилген мезгил – 10 жыл;
– пайыздык ставка – 0 %;
– каржылоо каражаттарынын тандалбаган калдыгын резервдөө – 0,5 %.

 

https://president.kg/news/all/25591

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар