Көрүлдү: 540
Пресс-анонс
Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 1-жарым жылдагы билим берүү жана илим тармагындагы негизги көрсөткүчтөр жана алдыдагы пландар боюнча отчеттук маалымат жыйынын өткөрөт.
Катышуучулар:
• Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна – КР Билим берүү жана илим министри,
• Исираилова Айнура Толобаевна – Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы,
• Кусеинова Айнура Сүйүндүковна – Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу,
• Нурлан Шаршенбай уулу – Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы,
• Ибрагимов Бектур Асатбекович – Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы,
• Алибаева Дамира Какеновна – Лицензиялоо секторунун башкы адиси,
• Дооталиева Жанара Рахатбековна – Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси,
• Азамат Теңирберди уулу – Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын жетектөөчү адиси,
• Сарыбаев Ильяс Асанбекович – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору.
Убактысы: 2024-жылдын 24-июлу, саат 11:00
Жери: “Кабар” маалымат агенттиги, Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.
Байланыш: КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева, 0554 445 566