Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
IMO2024: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨДӨ АЛДЫҢКЫ 30дун ИЧИНДЕ

Көрүлдү: 468

Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

post.title

Аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар 1 – алтын медаль, 3 – күмүш медаль  жана 2 ардак грамотага ээ болушту. 

Алтын медаль ээси:  

* Назар Киргизбаев (29 упай) , Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;

Күмүш медаль алгандар:

* Ян Бобрус (24 упай) , “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу, Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;

* Элдар Искендеров (23 упай) , Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;

* Искен Кенжебаев (22 упай),  Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Азамат Аскаров.

Ардак грамота ээлери:

* Нурсултан Эшперов (13 упай) , “Газпром кыргызстан” мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;

* Султан Мусаходжаев (11 упай) , №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов.

Команда жетекчилери: Ишматов Мамат,  Мамбетов Тимур

Белгилей кетсек,  Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага барып келүү чыгымы толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланды.

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты. 

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея кирет.

БУЙРУК

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар