Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ӨЗБЕКСТАНДА ӨТҮП ЖАТКАН РЕКТОРЛОРДУН ЭКИНЧИ ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 397

2024-жылдын 16-17-июлунда Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму өтүүдө.

post.title

Кыргызстандын делегациясын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеп,  алдыңкы ЖОЖдун ректорлору катышууда.


Иш-чарада эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.


Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ректорлорунун 1-эл аралык форуму өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар