Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 322

Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндө реформалоо жана оптималдаштыруу боюнча иштер окутуунун ачык жана динамикалуу улуттук системасын өнүктүрүүгө жана билим деңгээлин жогорулатууга багытталган.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 881/1 буйругуна ылайык,  “Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатын кайра уюштуруу жөнүндө” буйругуна ылайык, “Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернаты” ата-энесинин камкордугусуз калган Бакай-Ата районундагы «Манас» мектеп-интернаты менен бириктирилип кайра түзүлгөн.

Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева 2024-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кабылдамасында Талас облусунун Чалдыбар жатак мектеби боюнча арыз дооматтары менен келген жарандарды кабыл алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамадарынын негизинде жооптор берилип, билим берүү тармагын реформалоо жана оптимизациялоо иштери ачык жана динамикалуу өнүгүү менен улана тургандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өз учурунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине КРнын Балдар жөнүндө кодексине, КРнын Жарандык кодексине жана КРнын  “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 токтому менен бекитилген “2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча Иш-аракеттер планын” кынтыксыз аткаруу жана оптимизациялоону күчөтүү боюнча тапшырма берип, Министрлик тарабынан жетекчиликке алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар