Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОЖдорго ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕГИ МАКСАТТУУ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН 473 ОРУН БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 1168

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине ылайык, республиканын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу жагы каралган.

post.title

2024-2025-окуу жылына гранттык негизде максаттуу кабыл алуу үчүн 473 орун каралган, анын ичинен:

- 311 орун - аймактардан кабыл алуу үчүн,

- 162 орун - чек ара аймактарына каралган.

Максаттуу окутуу үчүн гранттык орундар төмөнкү багыттар боюнча берилет:

- педагогика – 323;

- медицина - 112;

- тоо-кен өнөр жайы - 16;

- айыл чарбасы - 22.

Гранттык негиздеги максаттуу орундарга конкурска ушул окуу жылында ЖРТга катышып, аныкталган босоголук баллга барабар же жогору баллды алган абитуренттер катыша алат.

Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси кол койгон окууга жолдомосу бар - абитуриенттерге жол берилет. 

Максаттуу кабыл алуу конкурсуна катышкан жана эң жогору балл топтогон абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. 

Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча максаттуу даярдоонун шарттары иш берүүчү менен студенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар