Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ГРАНТТЫК ОРУНДАР 10 МИҢГЕ ЧЕЙИН КӨБӨЙТҮЛДҮ

Көрүлдү: 395

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 366 токтому менен 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына студенттерди кабыл алуунун адистиктеринин тизмеси жана көлөмү бекитилди.

post.title

Токтомго ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миң гранттык орунга чейин көбөйтүлдү.

Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт:

- Билим берүү жана илим министрлиги – 7917 грант;

- Саламаттык сактоо министрлиги – 405 грант;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206 грант;

Ички иштер министрлиги - 130 грант;

- Коргоо министрлиги - 125 грант;

- Тышкы иштер министрлиги – 20 грант.

Компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3900 гранттык орун бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 2023-2024-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар