Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСТАРЫ МЕНЕН КЕҢЕЙЕТ

Көрүлдү: 443

Азыркы учурда “Акылман” президенттик лицейинде 2024-2025-окуу жылына карата курулуш иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, окуу корпусу үчүн бөлүнгөн эки кабаттуу эски имарат реконструкцияланууда жана бул имараттын үстүнө үчүнчү кабат салынат.

post.title

Бул жаңы имараттын курулуш иштери 2024-жылдын август айынын соңунда аяктайт жана ал имаратта 360 окуучу үчүн билим алууга шарт түзүлөт. Бул имарат лицейдин негизги окуу корпусу болот. Бул корпуста окуу класстарынан тышкары эл аралык стандарттарга жооп берчү заманбап лабораториялар, ийрим үчүн класстар, концерттик зал, жыйындар залы ачылып, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдууланат, - деп белгилейт лицейдин директору Эмиль Рыскулов. 

Белгилесек, быйылкы жаңы окуу жылында лицейде жалпысынан 195 окуучу билим алаары пландалган. Алардын ичинде, 7-класстар 75 окуучу, 8-класстар 72 окуучу жана 9-класстар 48 окуучу. 

Мындан тышкары, азыркы тапта лицейдин территориясында спорттук комплекс жана мугалимдер үчүн жатакана курулууда. Бул имараттардын да курулуш иштери август айынын соңуна чейин уланмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар