Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2024-ЖЫЛЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕ 152 МЛН 600 СОМ КАРАЛГАН

Көрүлдү: 972

2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 152 000 600 сом бөлүнгөн. Бюджеттик каражаттардын эсебинен 2023-жылы “Учкун” ААКнын басмаканасында 29 аталыштагы китептер (16 окуу китеби, 13 методикалык колдонмо) даярдалып, 738 670 нускада басылып чыкты.

post.title

Андан тышкары көзү азиз жана көрүүсү начар балдарга билим берген атайын мектептердин 3-6-класстары үчүн 2 238 000 сомго “Англис тили”, 7-8-класстары үчүн “Адам жана коом”, 7-классы үчүн “Физика”, 8-классы үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери Брайл ариби менен даярдалып, басылып чыкты.

Ошентип, 2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга каралган каражаттын 135 728 837 сому (89,3%) өздөштүрүлдү. Жыл аягына чейин өздөштүрүлбөй калган сумма (16 271 162 сом) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасына кайтарылды.

2024-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоого республикалык бюджетте 152 000 600 сом каралган. Бул каражаттын 44 366 929 сому мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык аткаруучуга төлөнүүчү сумманын калдыктарын төлөөгө сарпталды. Андан тышкары “Учкун” ААКнын басмаканасында 9 аталыштагы китептер (5 окуу китеби, 4 методикалык колдонмо) 53 120 нускада кошумча басылып чыкты. Аларга республикалык бюджеттен 12 102 906 сом жумшалды.    

Ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классы үчүн “Азбука”, “Русский язык” окуу-методикалык комплекстери 375 840 нускада басылып жатат. Аларга республикалык бюджеттин эсебинен 87 878 000 сом жумшалат. Натыйжада 2024-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджетте каралган каражаттын калдыгы 7 650 000 сомду түзөт. Бул каражат 10-11-класстар үчүн "Аскерге чейинки даярдык" окуу-методикалык комплексин басып чыгарууга сарпталат. Ошентип, 2024-2025-окуу жылына чейин бюджеттик каражаттар 100 % өздөштүрүлөт. 

Жыйынтыктап айтканда, 2023-2024-жылдары министрлик менен “Учкун” ААКнын ортосунда 276 068 101 сомго 10 келишим, ИП Мешечко менен 2 238 000 сомго 1 келишим түзүлдү. Келишимдердин жалпы суммасы 278 306 101 сомго жетти. 

Кошумчалай кетсек, 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасынан (Сингапур) 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынды. Натыйжада министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болду.Ушул тапта аталган окуу-методикалык комплекстерди англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу, адаптациялоо иштери жүрүп жатат.

Файл

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар