Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БЫЙЫЛ МЕКТЕПТЕРДИН УЧУРДАГЫ ОҢДОО ИШТЕРИНЕ ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫГА КАРАГАНДА 3,38 ЭСЕ КӨП КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ

Көрүлдү: 701

Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 26-майындагы № 136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу Бюджетте жалпы билим берүү уюмдарынын кеңсе буюмдарына, тиричилик жана окуу чыгымдарына 2,24 эсе, учурдагы оңдоого 3,38 эсе көп каражат бөлүү каралган.

post.title

2024-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республикалык бюджетинде жалпы билим берүүчү мекемелерге кеңсе буюмдары, чарбалык жана окуу чыгымдары үчүн 204,7 млн сом жана учурдагы оңдоо иштерине 404,8 млн сом каражат каралган.

Азыркы күндө, жалпы билим берүү мекемелерине канцелярдык, чарбалык жана окуу чыгымдары үчүн 55,9 млн сом жана учурдагы оңдоо иштерине 398,7 млн сом каржыланды.  Калган 148,8 млн сом каражат 2024-2025 окуу жылына карата сентябрь айына жакын бөлүнөт.

2023-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүү мекемелерине канцелярдык, чарбалык жана окуу чыгымдары үчүн 91,3 млн сом жана учурдагы оңдоо иштерине 119,7 млн сом бөлүнгөн.

Республикалык бюджеттен мектептердин чыгымдарына  төмонкүдөй көлөмдө каралган:

2024-жыл

2023-жыл

кеңсе буюмдары, чарбалык жана окуу чыгымдары

204,7 млн. сом

91,3 млн. сом

учурдагы оңдоо иштери

404, 8 млн. сом

119,7 млн. сом

 

 

 

 

 

 

 

 

КР Президентинин Жарлыгына шилтеме - https://cbd.minjust.gov.kg/435049/edition/1254025/ru

Таблица – файл "2024-жылга кошумча каражаттар"

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар