Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ВАЛИДАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА 11 СЛЕСАРДЫН КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨРҮ ТАСТЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 1093

8-июлда Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок колледжинде «Автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь» кесиби боюнча валидация өткөрүлдү.

post.title

Иш берүүчүлөр жана квалификациялуу устаттардан түзүлгөн комиссия кесибин өз алдынча өздөштүргөн, бирок билими тууралуу документи жок 11 талапкердин көндүмдөрүнө баа берди. Жыйынтыгында, бардык талапкерлер 4-разряддагы «Автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь» кесиби боюнча сертификатка ээ болду.

Иш-чарага «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун жетекчиси Нурлан Атаканов, Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору Жанар Шаматова, Токмок шаары боюнча ишке орноштуруу бөлүмүнүн башчысы, иш берүүчүлөр жана көз карандысыз байкоочулар  катышты.

Валидация Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жана министрлик алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун катышуусунда уюштурулган.

Валидация кесиптик билими жок, бирок жетиштүү көндүмдөрү бар жарандарга ишке орношуу же жумуш ордун алмаштыруу үчүн сертификат алууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар