Көрүлдү: 886
8-июлда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын Адам жана социалдык өнүгүү дирекциясынын сектордук тобунун (SG-HSD) социалдык сектор боюнча адиси Маматкалил Разаев жетектеген миссиясы менен жолугушту.
Тараптар мектептик билим берүүнү реформалоо секторун өнүктүрүү программасынын чараларын жана компоненттерин, долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун талкуулашты.
Миссия корутундуларды жана сунуштарды камтыган билдирүү даярдап, аны аткаруучу агенттикке тапшырып берүүсү пландалууда.