Көрүлдү: 411
6-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиева “Ысык-Көл досторду чогултат-2024” этно-карнавалына катышуучу Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Якутиянын балдар делегациялары менен жолугушту.
Муратбек Касымалиев этно -карнавал билим берүү тармагындагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоо максатында он төрт жылдан бери өткөрүлүп жатканын билдирди. Ал белгилегендей, бул ирет иш-чара Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн кылымдык мааракесине жана Кыргыз эл агартуусунун 100 жылдыгына карата уюштурулган.
6-12-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору жана Кыргызстандагы биринчи ЮНЕСКО клубу “Ысык-Көл досторду чогултат – 2024” XIV эл аралык этно-карнавалды өткөрүүдө.