Көрүлдү: 737
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.
Буга чейин коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоору коомчулуктун нааразычылыгынан улам коомдук талкуудан чыгарылды.
Түзүлүп жаткан ведомстволор аралык жумушчу топ долбоорду толуктап, кайрадан иштеп чыгат.