Көрүлдү: 47
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү орто жалпы билими жөнүндө документтерди тапшырды.
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик үлгүдөгү документтери эки форматта даярдалды: электрондук жана кагаз. Быйыл 11-классты 76 миң 244 жана 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктоодо.
Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.
Белгилесек, санарип үлгүдөгү аттестатты орто мектепти 2018-жылдан бери аяктаган жалпы бүтүрүүчүлөр ала алат.
Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.