Көрүлдү: 622
1-июлда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Teach for Kyrgyzstan - Заманбап мугалим" долбоорунун Жайкы институтутунун ачылышына катышты.
Жайкы институтта 4 жуманын ичинде 35 болочок социалдык ишкер, «жаратмандар» билим алышат. Жайкы институтту аяктагандан кийин сентябрда «жаратмандар» Чүй облусунун мектептерине жиберилет.
"Teach for Kyrgyzstan - Заманбап мугалим" долбоору АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып, билим берүү системасын жаңылоого багытталган.